Кыргызстанда энерго компаниялардын саны эки эсе кыскарат.
Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, «Түндүк электр», «Чыгыш электр», «Ош электр»,
«Жалал-Абад электр» ишканалары эки этапта бириктирилет. Андан кийин,
«Улуттук электр тармактарынын” карамагына өтөт. Мындай жол менен
учурдагы 14 компаниядан 7 компания калат. Мындай чара чыгымдарды
азайтуу, жаңы жабдууларды ишке киргизүү жана энергетикалык
коопсуздукту чыңдоо максатында көрүлүүдө.