Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилүүдө

Баткен облусундагы чек ара чырынан жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилүүдө.

Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Сейилбек Урустемов билдирди.

Анын айтымында, 76 ишкер жылына 0,1 пайыз менен 200 миң сомдон алат. Акча күрөөсүз негизде,

3 жылдык мөөнөткө берилет. Андан тышкары, жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген зыян үчүн

жалпысынан 14 миллион 500 миң сом бир жолку компенсация жеткиликтүү болот. Буга чейин

каржылык колдоого Лейлек жана Баткен райондорундагы 100гө жакын субъекти ээ болду.