Бишкекте Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин
байгесине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт.
Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаментинен билдиришти.
Мелдеш 24-26-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп,
ага Нидерланд, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан спортчулар катышат.
Эркектер арасында 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;
Аялдар арасында 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.