Ош шаарында туш келди таштанды ыргыткандарга айып салынат.
Туура эмес таштанды төккөн жарандар менен күрөшүү максатында
20 жерге видео көзөмөл орнотулуп жатат, — деп билдиришти «Ош-Тазалык»
муниципалдык ишканасынан. Камералар таштанды атайын идишке
салынбаган жана курулуш калдыктары көп төгүлгөн жерлерге орнотулууда.
Алар 24 саат иштеп, жарандардын жүзүн, унаасын жазып алат.