Жалал-Абад облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сузак,

Базар-Коргон,  Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында

социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда турган 1 миң 860

үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр акысыз таратылды. Жарандарды көмүр менен

камсыз кылуу иш-чарасы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өттү.