Кыргызстанда миңден ашык балага Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан ийгиликке жеткен спортчулардын ысымы ыйгарылды

Кыргызстанда миңден ашык балага Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынан ийгиликке жеткен спортчулардын ысымы ыйгарылды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 414 балага – Акжол, 323 кызга – Айсулуу, 374 кызга – Мээрим жана 279 ымыркайга – Айпери деген ат коюлду. Андан тышкары, октябрда дүйнө чемпионатынын күрөш боюнча байге… Кененирээк…

Нарын шаарында танштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Нарын шаарында танштандыны кайра иштетүүчү завод курулат. Өндүрүш калаанын кире беришинде жайгашкан Эмгекчил аймагындагы санитардык полигондо пайда болот. Пландалгандай, курулуш иштери ушул январда башталат. Күтүлгөндөй, иштер жазда аяктайт, завод жай айларында пайдаланууга берилет. Өндүрүштүн ишке кириши менен күнүнө 20 тонна таштанды кайра иштетилет.

Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп пайда болот

Жалал-Абад шаарында жаңы мектеп пайда болот. Жергиликтүү билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы билим берүү мекемеси №1 М.Бабкин атындагы мектептин ордуна курулат. Эски авариялык абалдагы имарат түрттүрүлөт. Жаңы объект 3 кабаттуу болот жана ал 350 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашырууга республикалык бюджеттен 58 миллион сом бөлүндү.… Кененирээк…

Бишкек шаарынын 8 турак үйлѳрүнѳ 20 жаңы лифт орнотулду

Бишкек шаарынын 8 турак үйлѳрүнѳ 20 жаңы лифт орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган лифттер Бишкектин Үсөнбаев көчөсү, №3, Ибраимов көчөсү, № 26, 30, 7-кичирайонундагы № 25 33 үйлөр, Түштүк-2 кичирайонундагы № 4, 9, 10 үйлөргѳ орнотулду. «Бишкекшаарлифт» муниципалдык… Кененирээк…

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2021-жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бешилтигине кирди

Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы 2021-жылдын эң ийгиликтүү командаларынын бешилтигине кирди. Күрөштүк бириккен дүйнөсүнүн сайтында жазылгандай, Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы дүйнөлүк аренада чоң секирик жасады.   Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында ал 3 медаль багындырды, анын ичинде экөөсү алтын болуп, жалпы командалык эсепте төртүнчү орунга жайгашты.

Майлуу-Суу заводунун карыздарын мамлекет төлөп берет

Майлуу-Суу заводунун карыздарын мамлекет төлөп берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди. Анын айтымында, ишкананы береселерден тазалоо инвесторлорду тартууга жакшы шарттарды түзүп берет.   Амангелдиев белгилегендей, завод Майлуу-Суу шаарынын экономикасы жана инфраструктурасы үчүн чоң мааниге ээ.   Мамлекет тез бутуна туруп кете… Кененирээк…

Россияда мигранттарга манжа изи түшүрүлгөн патент бериле баштайт

Россияда 29-декабрдан тарта эмгек мигранттарына патент чип орнотулган карта түрүндө бериле баштайт, анда жарандын электрондук сүрөтү жана манжа изи болот. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин укуктук маалымат порталына жарыяланган буйрукта айтылат.   «Россия Федерациясына виза талап кылынбаган тартипте келген чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга… Кененирээк…

Ордо калаада мэр балатысына 1 миң бала чакырылат

Ордо калаада мэр балатысына 1 миң бала чакырылат. 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей, 25-декабрда өтө турчу майрамга жетим балдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун отличниктери, олимпиаданын жеңүүчүлөрү келет.   Аларга Аяз Атанын жана Аяз кыздын катышуусу менен концерт уюштурулуп, таттуу… Кененирээк…

Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди

Бишкекте пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди.   Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, завод шаардын чыгыш өнөр жай зонасында жайгашат. Өндүрүштө пластикти чогултуп кайра иштеткенден тышкары, синтепон сыяктуу продуктыларды дагы чыгарлуу пландалууда.

Бишкекте чыккан ири өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок

Бишкекте чыккан ири өрт чектөөгө алынды, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.   Жеринде өрт өчүрүүчүлөрдүн   5 бөлүмү иштеп жатат. Белгилеп кетсек, бүгүн эртең менен Тимирязев көчөсү менен Жибек Жолу проспектинин кесилишинде күйүүчү май… Кененирээк…