Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дароо көтөрүлбөйт

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы дароо көтөрүлбөйт.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бааларды кармап туруу үчүн бир катар иш-чаралар

жүргүзүлдү. Алсак, кумшекер жана унду экспорттоого кошумча нарк салыгы нөлдүк

ставкага түшүрүлдү. Андан тышкары, ЕАЭБде кантты пошлинасыз өткөрүү боюнча

чечим кабыл алынды. Өлкөдө учурдагы канттын запасы мартка чейин жетет, андан

кийин импортчулар менен иштөө башталат. Ошондой эле буудай жеткирүү боюнча

дагы Казакстан менен келишим бар. Учурдагы кырдаал көзөмөлдө, — деп кошумчалады министр.