Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары мандаттарын ушул жумада алышат.
novosti.kgге БШКдан билдиришкендей, тапшыруу эртең өтөт. 23-декабрда жаңы
шайланган эл өкүлдөрү алгачкы жыйынга чогулат. Эске салсак, шайлоо 28-ноябрда өттү.
Жогорку Кеңешке 6 партиядан 54 депутат жана бир мандаттуу округдан 34 эл өкүлү барат.
Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра шайлоо белгиленет.