Кыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлүшү керек

Кыргызстанда 3859 үй-бүлө кооптуу аймакта жашагандыктан, ал жерден көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдиргенин мекеменин басма кызматы маалымдады. Анын айтымында, 2488 үй-бүлөгө казынадан кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок, ал үй-бүлөлөр азыркы күнгө чейин жашап жатышат.  … Кененирээк…

Кайра шайлоого бюллетендерде талапкерлердин катарын аныктоо үчүн чүчү кулак 7-февралга чейин  өткөрүлөт

Кайра шайлоого бюллетендерде талапкерлердин катарын аныктоо үчүн чүчү кулак 7-февралга чейин  өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Ведомство маалыматына ылайык, бюллетендерде ошондой эле “баарына каршы” графасы болот.   Кайра шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 12-мартка чейин жарыялашы керек. Эске салсак, 27-февралда Биринчи май жана Свердлов райондорунда кайра шайлоо… Кененирээк…

Азиядагы эң кымбат батир Гонконг шаарында сатылды – 58 миллион долларга

Азиядагы эң кымбат батир Гонконг шаарында сатылды – 58 миллион долларга. Аны кытайлык магнаттын аялы сатып алды. Кымбат аппартамент 400 чарчы метрден жана 4 уктоочу бөлмөдөн турат.   Турак-жай абройлуу деп эсептелген Виктория-Пик районунда жайгашат. Эксперттердин айтымында, фонд рыногундагы туруксуз абалдан улам, кытайлык бизнесмендер акчасын… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Жаңы жылды тосууга даяр

Бишкек мэриясы Жаңы жылды тосууга даяр. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, эстрада ырчыларынын катышуусу менен майрамдык концерт Ала-Тоо аянтында эртең кечки саат 7де башталат.   Шаар тургундарынын ыңгайы үчүн коомдук транспорт түнкү саат 1ге чейин каттайт. Андан тышкары, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев көрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн көчөлөрдө фейерверк-салюттарды… Кененирээк…

Айдоочулардын кулагына күмүш сырга

Айдоочулардын кулагына күмүш сырга. “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жана унаа тейлөөчү борборлор 1-9-январда иштебейт. Бүгүн борборлор кечки саат 6га чейин иштейт, ал эми эртең иш күн 1 саатка кыскарат.   “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жана унаа тейлөөчү борборлор кайрадан кадимки тартипте ишин 10-январдан тарта жандантат.

Кыргызстандын аймактарын өз ара ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарын өз ара ички аба каттамдар менен байланыштыруу пландалууда. Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдиргендей, учурда учактар Ош, Баткен жана Исфана шаарларына гана каттайт.   Бийлик келечекте ордо калаага кирбей, облустарды гана байланыштырган каттамдарды ачууну пландап жатат.

Кыргызстандын улуттук электр станциялары компаниясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өттү

Кыргызстандын улуттук электр станциялары компаниясынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өттү. Ишканадан билдиришкендей, бул жаңы жыл түнүндө жарандарды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жасалууда.   Эс алуу күндөрү адистерден жана бөлүм башчыларынан турган топтор күнү-түнү нөөмөттө турат.   Авариялык учурларга жабдуулар камдалды. Андан тышкары, энерго объектилерди… Кененирээк…

Индия тургуну вакцинадан качып бактын үстүндө жашынып алган

Индия тургуну вакцинадан качып бактын үстүндө жашынып алган. Эркек бир нече жолу эмдөөдөн качып жүргөн. Акыры дарыгерлер анын үйүнө келгенде, ал өзгөчө ыкма колдонуп, бакка чыгып алган.   Кийин белгилүү болгондой, эркек вакцинадан кийин бир нече күн спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салына тургандыктан качып жүргөн.… Кененирээк…

Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктап жатат

Кыргызстандын курамасы ФИФА рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктап жатат.   Эл аралык футбол федерациясынын маалыматына ылайык, биздин ак шумкарлар соңку жыл ичинде 2 позицияга көтөрүлдү.   Борбордук Азия мамлекеттери арасында Өзбекстандын позициясы эң мыкты – 84-орун. Ал эми жалпы рейтингдин лидери – Бельгия курамасы, экинчиде… Кененирээк…

Ош облусунда жаңы мектеп каалгаларын ачты

Ош облусунда жаңы мектеп каалгаларын ачты. Объект Орке айылында жайгашат. Мектеп 375 окуучуга чакталып, анда машыгуу залы, конференц-зал, ашкана жана процедуралык кабинеттер каралган.   Кошумчалап кетсек, мектептин курулушу 2020-жылы башталып, каражатты Сауд өнүктүрүү фонду насыя катары бөлүп берген.