Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар кочкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 30-январга чейин
күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука — Каныш-Кыя жана
Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун тоолуу аймактарына кар массасы
түшүшү күтүлөт. Жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, муз, тайгак болот.
Айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.