Криштиану Роналду сүйүктүүсү Джорджина Родригестин туулган күнүн таң калаарлык куттуктады.
“Манчестер Юнайтетддин” чабуулчусу дүйнөдөгү эң бийик имарат болгон Дубайдагы
“Бурдж-Халифанын” жогорку фасадын ижарага алып, андан кызга куттуктоо видеосун
тартуулады. Родригес кечээ 28 жашка толду. Эске салсак, Криштиану жана Джорджина
4 жылдан ашык убакыттан бери мамиледе, учурда алар 4 баланы тарбиялап жатат.