Meta жасалма интеллекттин базасы менен иштеген суперкомпьютер чыгарууну анонстоду

Meta жасалма интеллекттин базасы менен иштеген суперкомпьютер чыгарууну анонстоду. Жабдуу жүздөгөн тилди түшүнүп, каалаган текстти оңой эле анализдеп, сүрөт жана видеолорду талдай алат.   Инженерлердин айтымында, суперкомпьютерлер мета ааламын түзүүдө колдонулат.

Кыргызстанда өткөн жылы 109 социалдык объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жана курулду

Кыргызстанда өткөн жылы 109 социалдык объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жана курулду.   Арасында мектептер, спорт залдар, бала бакчалар жана башка имараттар бар, — дешти Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен.   Жалпысынан “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам 7 конуш электр жарыгы жок калды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан улам 7 конуш электр жарыгы жок калды. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз конуштарында жалпысынан 1 миң 402 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү.   Буга аймактагы ок атуунун кесепетинен Самаркандек көмөк чордонунун линиясы бузулганы… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 7ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жабыркагандардын саны 7ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, алардын абалы орто оор, тиешелүү дарылоо жүрүп жатат.   Эске салсак, кечээ кечки саат 6да Тажикстандын чек арачылары Баткен-Исфана жолун бир тараптуу жаап салган.   Андан кийин абал… Кененирээк…

Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 81 техпаспорт берилди

Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына 1 миң 81 техпаспорт берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Арыздар Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан түшкөн.   Эске салсак, техпаспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Алар өз алдынча турак-жай курулган жер тилкелерине… Кененирээк…

Баткенде чек арага жакын аймактардын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды

Баткенде чек арага жакын аймактардын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына көчүрүлдү. Алар мектептерге жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалды.   Эске салсак, кечээ кечки саат 6да Тажикстандын чек… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө бир нече макулдашуу жетишилди

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы атышууну жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдө бир нече макулдашуу жетишилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Эки өлкөнүн делегациясы чыр-чатак башталган Төрт-Көчө аймагында жолугушуп, ок атууну токтотууну, эки тарап чек арага тартылган күчтөрдү туруктуу жерлерине алып кетүүнү, Баткен-Исфана жолунда… Кененирээк…