Жалал-Абад шаарында №114 маршруттук таксинин каттамы жанданат.
Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, аталган коомдук унаа дүйшөмбү,
31-январдан тартып Курманбек кичирайонунун жүргүнчүлөрүн ташып баштайт.
Каттамга алгач эки кичи автобус кое берилет. Линиянын жол чиймеси
жергиликтүү жашоочулар менен бирге түзүлдү.