Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү “Ковидге ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ондолду

Улуттук госпиталдын бир катар бөлүмдөрү “Ковидге ыкчам чара көрүү” долбоорунун

алкагында ондолду. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ички жана

тышкы жасалгалоо иштери аткарылып, эшик, терезе, жылуулук системасы жана электр

тармактары алмаштырылды. Муктаждык жаралса аталган бөлүмдөр коронавируска

кабылган бейтаптарды кабыл алат. Оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан

14 миллион сомдон ашык сарпталды. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылады.