Бишкекте коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамын бузгандарга чара көрүлүп баштады

Бишкекте коомдук жайларда чылым чегүү мыйзамын бузгандарга чара көрүлүп баштады.

Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, рейддер Октябрь районунда жүрүп жатат.

Текшерүүлөрдү ички иштер башкармалыгынын жана санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун

инспекторлору бирге жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзам

талаптарын бузган 4 мекеме текшерилип, 26 миң сомдук айып салынды. Рейддер уланууда.