Чүй районунун Кош-Коргон айылында жаңы мектеп ачылды

Чүй районунун Кош-Коргон айылында жаңы мектеп ачылды. Каракеев атындагы орто билим берүү мекемеси 350 орунга чакталды. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 50 миллион сом жумшалды. Эске салсак, аталган мектептин курулушу мындан 34 жыл мурда башталып, бүтпөй келген. Ал эми аталган аймактын окуучулары бала бакчанын имаратында окуп… Кененирээк…

Бишкекте дүйшөмбү, 31-январдан тартып 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт

Бишкекте дүйшөмбү, 31-январдан тартып 13 мектеп кадимки тартипте иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, алар №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептер. Учурда балдар менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн форматта иш алып барууда. Андан тышкары, санэпидемиологиялык… Кененирээк…

KEGOC компаниясы Борбор Азияда жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин аныктады

KEGOC компаниясы Борбор Азияда жарыктын жапырт өчүшүнүн себебин аныктады. Эске салсак, 25-январда Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасында алгачкы жолу масштабдуу өчүрүү катталды. Компаниянын маалыматы боюнча, 25-январында саат 11:59да Өзбекстанда чукул туташуудан улам Сыр-Дарыя ГЭСинде алты энергоблок өчкөн. Жалпысынан генерацияда жоготуунун көлөмү 1,5 миң МВтка жеткен. Бул… Кененирээк…

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Ошэлектрдин» кызматкерлери жарык өчкөн аймактарда ыкчам иштеп жатат, жакын арада ар бир үйгө жарык берилет. Эске салсак, буга чейин тажик тарап ок чыгаргандан кийин электр… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр 100дөн ашык коомдук-маданий имарат салынды

Кыргызстанда былтыр 100дөн ашык коомдук-маданий имарат салынды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашкандай, анын 85и жаңы тургузулса, 24ү капиталдык оңдоодон өттү.   Алардын арасында мектеп, бала-бакча, спорттук, маданий жайлар жана административдик имараттар бар.

“Түндүк электр” ишканасы 31-январдан тарта Бишкектеги 2 миң 200дөн ашык абоненттин электр энергиясын өчүрөт

“Түндүк электр” ишканасы 31-январдан тарта Бишкектеги 2 миң 200дөн ашык абоненттин электр энергиясын өчүрөт. Мунун себеби дебитордук карыздар менен байланыштуу. Компаниянын маалыматы боюнча, борбордогу керектөөчүлөрдүн жалпы дебитордук карызы 12 миллион сомдон ашат.   Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, электр энергиясы жок калбаш үчүн жарандар болгон карыздарын тез… Кененирээк…

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун Балыкчы-Барскоон тилкесинин    25-чакырымында жер казуу иштери 90 пайызга аяктап калды

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун Балыкчы-Барскоон тилкесинин    25-чакырымында жер казуу иштери 90 пайызга аяктап калды. Унаа жана жолдор министрлигинин бсама сөз кызматынан билиришкендей, учурда башка курулуш иштери жүрүүдө. Трассанын жалпы узундугу 142 чакырымды түзөт. Жол 4 тилкелүү болот.   Белгилеп кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан… Кененирээк…

Баткендеги куралдуу кагылышуудан үзгүлтүккө учуруган аба чубалгылары калыбына келтирилүүдө

Баткендеги куралдуу кагылышуудан үзгүлтүккө учуруган аба чубалгылары калыбына келтирилүүдө. «Ошэлектр» ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы жарыксыз калган 7 айылга электр энергиясын берүү аракетин көрүп жатат.   Учурда эки тараптын тең адистери аймакта электр энергиясын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Баткенде ушул саттарга карата 11 миңден ашык жергиликтүү тургун эвакуацияланды

Баткенде ушул саттарга карата 11 миңден ашык жергиликтүү тургун эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалым болгондой, алардын                 10 миңден ашыгы коопсуз жайда.   Тагыраагы, туугандарынын жана жакындарынын үйүнө, калгандары убактылуу жайларга жеткирилди. Андан тышкары, Баткен шаарында жалпысынан 600 адамга эсептелген убактылуу жайгаштыруу үчүн алты пункт иштеп… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча штаб түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча штаб түзүлдү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, анда бардык мекеме, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана жетекчилери бар.   Ошондой эле куралдуу кагылышка байланыштуу атайын комиссия түзүлөт. Атайын кызматтын башчысы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн тажик тарап менен… Кененирээк…