Кыргыз-тажик чек арасында катталган жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт

Кыргыз-тажик чек арасында катталган жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтейт.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев Баткенде,

чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээки окуядан улам үйлөрүнөн качкан жарандарды

бүгүн кечке чейин кайра алып келүү тапшырмасы берилди. Андан тышкары, чек арага

жакын алынып келген күч түзүмдөрү кайра өздөрүнүн бөлүктөрүнө кайтарылат.

Чектеш аймакта бир гана Чек ара кызматынын жана милициянын

жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери калат.