Жылуу өлкөлөргө кыштын келиши уланууда.
Иорданиянын ордо калаасына 27 сантиметр кар жаады.
Синоптиктер мындай сууктун түшүшүн “аба-ырайынын депрессиясы”
деп аташты. Болжолдоолор боюнча, кар бүгүн кечке чейин жаайт.
Жолдордун барын кар жаап калды, Аммандагы аэропорттун шоссесинде
ондогон унаа токтоп калды. Аба-ырайынын мындай шартарынан улам
Иорданиянын премьер-министри өлкөдө дем алыш жарыялады.