Ошто аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр тараталды

Ошто аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр тараталды.   Ош шаарындагы «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгында жашаган 40 үй-бүлөгө акысыз көмүр берилди.   Түштүк калаа мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 40 тоннага жакын кара отун демөөрчүлөрдүн жардамы менен алынды.

Жол инспекторлору айдоочуларга өзгөчө этият болууну сунуштайт

Жол инспекторлору айдоочуларга өзгөчө этият болууну сунуштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан эскертишкендей, бүгүн жана эртең өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, кар жаайт.   Бул өз кезегинде жолдордо муз тоңууга алып келет. Андыктан, айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү кажет.

Жалал-Абад облусунда 3 миллион сомдон ашык кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунда 3 миллион сомдон ашык кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды.   Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Токтогул райондук прокуратурасы Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысын аныктады.   Ага ылайык, айыл өкмөттүн 2007-жылдагы токтому менен муниципалдык менчиктеги 24 сотых жерди ээлеген гараж жеке менчикке берилип кеткен.   Натыйжада, кыймылсыз мүлк мэриянын балансына… Кененирээк…

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Ведомстводон белгилешкендей, ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундары активдүү түрдө жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн документтерди чогултуп жатат.   Соңку күндөрү көп кайрылуулар түшүп, узун кезектер жаралууда. Ишти оптималдаштыруу үчүн бөлүмдүн бардык кызматкерлери тартылып, бир нече кассалар… Кененирээк…

Кыргызстанда бир айда эле сүт орточо эсеп менен 5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айда эле сүт орточо эсеп менен 5 сомго кымбаттады.   Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баалардын эң чоң өсүшү Кара-Суу, Талас жана Токмокто катталды, литрине 10 сомго чейин.   Ал эми Исфанада азык тескерисинче, 10 сомго арзандады. Учурда сүттү куюп… Кененирээк…

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоодо жарандарга 40 суроо берилет

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоодо жарандарга 40 суроо берилет. Бул кандай жаңы суроолор кошулганын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.   “Суроолордун тизмеси 5 барактан турат. 40 суроонун тегерегинде жооп бериши керек. Буга чейин суроолор 3 барактан турган болсо, быйыл… Кененирээк…

Баткен облусунда өзгөчө макамга ээ боло турган айылдардын тизмеси этап менен кеңейтилет

Баткен облусунда өзгөчө макамга ээ боло турган айылдардын тизмеси этап менен кеңейтилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.   Анын айтымында, учурда тизмеге 62 калк жашаган түйүн кирди. Ал мыйзам чегинде жана бардык процедураларды эске алуу менен толукталып турат. Чиновник белгилегендей,… Кененирээк…

Садыр Жапаров Кытайга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Сапардын алкагында Жапаров Кышкы Олимпиада — 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык… Кененирээк…

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев иштен бошотулду

Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Абдылдаев Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польшадагы… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавируска байланыштуу карантинге жабылды

Бүгүн Бишкекте 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавируска байланыштуу карантинге жабылды.   Мэриянын маалыматына ылайык, Ленин районундагы №9, 13 мектептер жана Октябрь районунда №14 мектеп онлайн форматта окуп жатат.   Ошондой эле №104, 148 жан 61 бала бакчалар аралыктан иштөөгө өттү.   Ал эми… Кененирээк…