Кыргызстанда бир айда эле сүт орточо эсеп менен 5 сомго кымбаттады

Кыргызстанда бир айда эле сүт орточо эсеп менен 5 сомго кымбаттады.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, баалардын эң чоң өсүшү Кара-Суу, Талас жана Токмокто катталды, литрине 10 сомго чейин.

 

Ал эми Исфанада азык тескерисинче, 10 сомго арзандады. Учурда сүттү куюп сатуунун эң жогорку баасы Жалал-Абадда болуп жатат – 1 литр сүт 65 сом. Үозгөндө – 60 сом, Бишкекте 56 сом 50 тыйын, ал эми Ошто 55 сом. Эң арзан баалар азырынча Чаек менен Ноокатта — 35 сомдон.