Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев иштен бошотулду

Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Абдылдаев Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польшадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан кетти.