Бүгүн Бишкекте 4 мектеп жана 3 бала бакча коронавируска байланыштуу карантинге жабылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, Ленин районундагы №9, 13 мектептер жана Октябрь районунда №14 мектеп онлайн форматта окуп жатат.
Ошондой эле №104, 148 жан 61 бала бакчалар аралыктан иштөөгө өттү.
Ал эми ордо калаада дүйшөмбүдөн тартып 19 мектеп карантинден кийин кадимки тартипте билим бере баштады.