Баткен облусунда өзгөчө макамга ээ боло турган айылдардын тизмеси этап менен кеңейтилет

Баткен облусунда өзгөчө макамга ээ боло турган айылдардын тизмеси этап менен кеңейтилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда тизмеге 62 калк жашаган түйүн кирди. Ал мыйзам чегинде жана бардык процедураларды эске алуу менен толукталып турат. Чиновник белгилегендей, бүгүнкү күнгө башкы талап – чек арага жакын айылдарды мамлекет тарабынан коргоо.