Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоодо жарандарга 40 суроо берилет

Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоодо жарандарга 40 суроо берилет. Бул кандай жаңы суроолор кошулганын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев айтып берет.

 

Суроолордун тизмеси 5 барактан турат. 40 суроонун тегерегинде жооп бериши керек. Буга чейин суроолор 3 барактан турган болсо, быйыл суроолордун көлөмү 5 барактан турат. Биз миграцияны жаны кошуп атабыз. Миграция суроосу аябай көйгөйлүү эмеспи.

 

Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт.