“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Бишкектеги бөлүмү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, ордо калаанын жаңы конуштарынын тургундары активдүү түрдө жер тилкелерин мыйзамдаштыруу үчүн документтерди чогултуп жатат.

 

Соңку күндөрү көп кайрылуулар түшүп, узун кезектер жаралууда. Ишти оптималдаштыруу үчүн бөлүмдүн бардык кызматкерлери тартылып, бир нече кассалар жана 14 кабыл алуу терезеси иштеп жатат.