БШК Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарына бюллетендерди жиберди

БШК Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарына бюллетендерди жиберди. Комиссиядан билдиришкендей, кайра өтө турган добуш берүүгө жалпысынан 200 миңден ашык экземпляр даярдалды. Ар бир бюллетенде чүчүкулактан кийинки катары менен жайгашкан талапкердин аты-жөнү жазылды. Эске салсак, ордо калаанын эки округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди кайра… Кененирээк…

Дүйнөдө алгачкы ирет иттер үчүн бренддик атыр пайда болду

Дүйнөдө алгачкы ирет иттер үчүн бренддик атыр пайда болду. Жаныбарга ар кандай жагымсыз жыттардан арылууга жардам берүүгө арналган парфюмду Улуу Британиянын ханайымы Елизавета II  чыгарды. Муну менен ханыша дүйнөдө иттерге арнап атыр жасап чыгарган алгачкы адам болуп калды. Атыр гамамелис гүлүнөн жана эфир майларынын аралашмасынан жасалган.… Кененирээк…

Сокулук районундагы Орок мектебинин кошумча корпусу ачылды

Сокулук районундагы Орок мектебинин кошумча корпусу ачылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, объект 500 орунга ылайык. Анда 22 окуу кабинети, ашкана, жыйындар жана спорт залдары бар. Курулуштун сметалык наркы 110 миллион сомду түздү, сумма республикалык бюджеттен берилди. Белгилеп кетсек, учурдагы 230 орунга чакталган Орок мектебинде… Кененирээк…

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүүгө бюджеттен дээрлик 2 миллион сом сарпталат

Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүүгө бюджеттен дээрлик 2 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов билдирди. Анын айтымында, каражат чет элдик хоккейчилердин жатаканасына, жол киресине жана турнирге керектүү шаймандарды сатып алууга багытталат. Эске салсак, 3-марттан 8ине чейин Бишкекте… Кененирээк…

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт

Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт. Кеп, тилкенин  Ноокат — Баткен бөлүгү же 28-75 чакырым аралыгы тууралуу болуп жатат.  Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган жолду оңдоого жакынкы аралыкта тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашырууга каражатты Япония эл аралык кызматташтык… Кененирээк…

“Менин үйүм 2021-26” программасынын алкагында кайрадан ипотека берилип баштады

“Менин үйүм 2021-26” программасынын алкагында кайрадан ипотека берилип баштады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тартып өнөктөш 3 банк аркылуу “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча кредиттер жеткиликтүү болот. Бекитилген турак жай программасынын бардык катышуучулары каржы уюмдарынын филиалдарына кайрыла алышат.

Жаздын биринчи айы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти

Жаздын биринчи айы кандай боло турганын синоптиктер айтып беришти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаан-чачын нормадан бир аз ашат.   Калган аймактарда норманын тегерегинде болот. Ал эми Бишкек тууралуу айта турган болсок, ордо калаада аба табы түнкүсүн -5тен +8ге чейин, ал эми… Кененирээк…

Ошто бир күндө бир нече миң көчөт тигилет

Ошто бир күндө бир нече миң көчөт тигилет. Жакынкы күндөрү түштүк калаага 10 миң түп павловния багы алынып келинет. Алар бир күндө эле шаар көчөлөрүнө отургузулат.   Павловния – тез өсүүчү бактардын бир түрү. Анын мекени Түштүк Азия. Белгилеп кетсек, жалпысынан быйыл Ош шаарынын бийлиги… Кененирээк…

Республикалык диагностикалык борбордо бүгүнтөн тарта бейтаптарды кабыл алуу жанданды

Республикалык диагностикалык борбордо бүгүнтөн тарта бейтаптарды кабыл алуу жанданды. Бул жерде окулист, ЛОР, дерматолог, эндокринолог жана башка адистердин кызматтары жеткиликтүү.   Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги борборду көп профилдүү балдар ооруканасы алдына которууну пландап жаткан.

Билим берүү министрлиги мектеп окуучулардын тамактануусуна каржылоону жогорулатууну сунуштады

Билим берүү министрлиги мектеп окуучулардын тамактануусуна каржылоону жогорулатууну сунуштады. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө окуучулардын ысык тамагына бюджеттен 7 сом, аймактарда 10 сомдон бөлүнөт. Бирок азык-түлүк баасы кымбаттагандыктан, компаниялар тендерге катышпай калды.   Андыктан, ведомство Каржы министрлигине… Кененирээк…