Кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды

Кышкы Олимпиада оюндары расмий түрдө жыйынтыкталды. Пекинде өткөн оюндарда спорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплекти ойнотулду. Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунга Норвегия, экинчи орунга Германия чыкты, үчүнчү орунду Кытай ээледи.   АКШ бул жолу төртүнчү орунга чыкса, Россия тогузунчу гана орунда.   Кыргызстандан… Кененирээк…

Жумгал районунда заманбап мектеп ачылды

Жумгал районунда заманбап мектеп ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жаңы-Арык айылынындагы Айып Идинов атындагы 225 орундуу мектеп каалгаларын ачып, бүгүн окуучуларды кабыл алат. Жалпы билим берүү мекемеси окуу класстары, усулкана, китепкана, жыйындар залы, спорт зал, ашкана менен камсыздалды.   Курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фондунан… Кененирээк…

Кыргызстандыктар Москвадагы миграциялык борбордун кызматтарын кезексиз алат

Кыргызстандыктар Москвадагы миграциялык борбордун кызматтарын кезексиз алат. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Кыргызстан менен ЕАЭБдин башка мамлекеттеринин жарандары үчүн “2А” деген өзүнчө кире бериш уюштурулду.   Бул жерден мекендештер кезексиз тартипте медициналык кароодон өтүп, манжа издерин тапшыра алат.

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү

Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов билдирди. Анын айтымында, каражат жер бөлүп берүү жана инвесторлорду издөөгө жумшалат.   Андан тышкары, туризмди өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорлор иштелип жатат, алар жакынкы арада ишке ашат, — деди министр. Эске салсак,… Кененирээк…

Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат

Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат.   Буга Улуттук статистика комитетинен ишендиришти. Ведомстводон белгилешкендей, эгемен Кыргызстан тарыхында калкты каттоо өнөктүгү 3-ирет өткөрүлөт.   Акыркы каттоо 2009-жылы өткөн. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырышат. Буга чейин маалымат… Кененирээк…