Ош — Баткен — Исфана унаа жолун оңдоого 50 миллион доллар бөлүнөт.
Кеп, тилкенин Ноокат — Баткен бөлүгү же 28-75 чакырым аралыгы тууралуу
болуп жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган
жолду оңдоого жакынкы аралыкта тендер жарыяланат. Долбоорду ишке
ашырууга каражатты Япония эл аралык кызматташтык агенттиги бөлүп берет.