Шарджа-Ош-Шарджа багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды
Шарджа-Ош-Шарджа багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта Бириккен Араб Эмирлигинин Шарджа шаарынан Ошко учактар каттап баштады. Каттам жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Шарджа-Бишкек каттамы менен жүргүнчүлөр жумасына 6 жолу уча алат.