Хоккей боюнча дүйнө чемпионатын Бишкекте өткөрүүгө бюджеттен дээрлик 2 миллион сом сарпталат.
Бул тууралуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов
билдирди. Анын айтымында, каражат чет элдик хоккейчилердин жатаканасына, жол киресине жана
турнирге керектүү шаймандарды сатып алууга багытталат. Эске салсак, 3-марттан 8ине чейин
Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага Кыргызстан, Кувейт, Малайзия,
Сингапур жана Ирандын командалары катышат.