Сокулук районундагы Орок мектебинин кошумча корпусу ачылды

Сокулук районундагы Орок мектебинин кошумча корпусу ачылды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, объект 500 орунга ылайык.

Анда 22 окуу кабинети, ашкана, жыйындар жана спорт залдары бар. Курулуштун

сметалык наркы 110 миллион сомду түздү, сумма республикалык бюджеттен берилди.

Белгилеп кетсек, учурдагы 230 орунга чакталган Орок мектебинде

2,5 миңден ашык окуучу билим алат.