Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында өткөн кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында өткөн кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти.   Жыйынтык бардык соттук териштирүүлөр аяктап, арыздар каралгандан кийин жарыяланышы керек. Эгер Свердлов районунда алдын ала жыйынтык менен жеңишке жеткен талапкер добуш сатып алгандыгы боюнча… Кененирээк…

Nike Россияда товарларын онлайн сатууну токтотту

Nike Россияда товарларын онлайн сатууну токтотту. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, россиялыктар аталган компаниялардын товарларын эми оффлайн дүкөндөрдөн гана сатып ала алат.   Белгилеп кетсек, бүткүл дүйнө Россияга карата санкцияларын киргизүүсүн улантууда. Бул аталган өлкөнүн Украина менен куралдуу кагылышуусуна байланыштуу.

Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга айып салынды

Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга айып салынды.   Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, эреже бузгандар транспорт дисциплинасын жөнгө салууга багытталган “Маяк” рейдинин алкагында аныкталды.   Кармалгандардын айрымдары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми  5 айдоочуга протокол түзүлүп, жалпысынан 50 миң сом айып салынды.

Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28ине чейин өтөт деп пландалууда

Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28ине чейин өтөт деп пландалууда. Бул сынак тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Азыркы учурда жалпы республикалык тестрлөөгө катышуу үчүн электрондук каттоо жүрүп жатат. 14-февралда башталган жана 6-апрелге чейин уланат. Быйылкы жылы… Кененирээк…

Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга берилет

Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга берилет. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын пикиринде, акимиат жана райондор өз алдынча чечим кабыл ала алат. Муну менен катар бюджет дагы бөлүнүп, жоопкерчилик артат.   Ал эми мэрия инвестицияларды тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу, жолдорду куруу,… Кененирээк…

Кыргызстандык фармацевттер Украинадагы абалдан улам, дары-дармек жетишсиздигинен кооптонууда

Кыргызстандык фармацевттер Украинадагы абалдан улам, дары-дармек жетишсиздигинен кооптонууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, биздин өлкө препараттарды 30 мамлекеттен алып келет.   Россия жана Украинанын үлүшү жалпы импорттун 60 пайызын түзөт. учурда Украинадагы жеткирүүлөр жокко чыгарылды, ал эми Россия товар ташууну убактылуу токтотту. Импорт качан жанданат… Кененирээк…

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери жол картасына кол койду

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери 1-мартта аскердик-техникалык кызматташуу жаатында жол картасына кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Түркиянын коргоо министри Хулуси Акардын маалымат жыйынында белгилүү болду.   «Делегация эки өлкөнүн президенттери койгон тапшырмаларды чечүү үчүн келген. Ошол планга ылайык беш жылдык… Кененирээк…

Apple Россиядагы ишин токтотууда

Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинага киришине жооп иретинде Apple компаниясы Россияда бардык продукциясын сатууну токтотту. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүн ABC News телеканалынын журналисти «Твиттерде» жарыялады.   Apple ошондой эле Apple Pay мобилдик төлөм кызматынын ишин чектеп, Россиянын чегинен тышкары да AppStore дүкөнүндө Sputnik жана RT тиркемелерин… Кененирээк…

6-марттан тартып Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор аба каттамы ачылат

6-марттан тартып Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор аба каттамы ачылат. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев менен Монголиянын биздин өлкөдөгү элчиси Ганхуяг Содндун жолугушуусунда айтылды. Аба каттамдар монголиялык авиакомпания аркылуу жургүзүлөт. Белгилеп кетсек, туруктуу рейстер жумасына бир ирет аткарылат. Келечекте алардын санын көбөйтүү пландалууда

Эртең Бишкектин бир катар конушунда таза суу жок болот

Эртең Бишкектин бир катар конушунда таза суу жок болот. “Бишкек суу канал” ишканасынын маалыматы боюнча, саат 9дан кечки 5ке чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Кедечек конуштарында таза суу өчүрүлөт. Чектөө оңдоо иштерине байланыштуу. Андан улам аталган конуштун тургундарына сууну запастап камдап алуу сунушталат.