Кыргызстандык фармацевттер Украинадагы абалдан улам, дары-дармек жетишсиздигинен кооптонууда

Кыргызстандык фармацевттер Украинадагы абалдан улам, дары-дармек жетишсиздигинен кооптонууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, биздин өлкө препараттарды 30 мамлекеттен алып келет.

 

Россия жана Украинанын үлүшү жалпы импорттун 60 пайызын түзөт. учурда Украинадагы жеткирүүлөр жокко чыгарылды, ал эми Россия товар ташууну убактылуу токтотту. Импорт качан жанданат – белгисиз. Саламаттыкты сактоо министрлигинде бул абалдан чыгуу жолдорун издөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.