Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга берилет

Бишкек мэриясынын айрым ыйгарым укуктары райондук администрацияларга берилет. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын пикиринде, акимиат жана райондор өз алдынча чечим кабыл ала алат. Муну менен катар бюджет дагы бөлүнүп, жоопкерчилик артат.

 

Ал эми мэрия инвестицияларды тартуу, ири долбоорлорду ишке ашыруу, жолдорду куруу, коомдук транспорт сыяктуу чоң иштер менен гана алектенет. Жаңы мэрдин бул сунушу шаардык кеңештин кароосуна чыгарылат.