Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо уланууда. Онлайн же кадимки тартипте катталуу 6-апрелге чейин созулат, — деп билдиришти билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан. Сынакка катышууну каалаган бүтүрүүчүнүн сөзсүз паспорту болушу шарт. Белгилеп кетсек, быйыл ЖРТ болжолдуу түрдө 23-майдан 28ине чейин өтөт. Сынак үчүн республика боюнча… Кененирээк…

Вашингтон Россиянын учактары үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин жабууда

Вашингтон Россиянын учактары үчүн өлкөнүн аба мейкиндигин жабууда. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден билдирди. Анын айтымында, аба каттамдарга чектөөлөр аталган өлкөдөн обочолонуу максатында киргизилүүдө. Бул өз кезегинде Россиянын экономикасына кошумча кысым көрсөтөт, — деп белгиледи Байден. Американын Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, АКШнын аба майданынан… Кененирээк…

Жалал-Абадда 3 айлык ишембилик башталды

Жалал-Абадда 3 айлык ишембилик башталды. 1-марттан 1-июнга чейин облустун бардык район, шаарларында көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды. Анын алкагында көчө, аллея, сейил бактарга көчөттөрдүн, гүлдөрдүн түрү тигилип, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, арык-каналдарды тазалоо иштери жүрөт. Ошондой эле көчөлөрдү жарыктандыруу, мекеме жана турак жайлардын көрүнүшүн жакшыртуу… Кененирээк…

Кыргызстан мектептериндеги быйылкы жазгы каникул 10 күнгө созулат

Кыргызстан мектептериндеги быйылкы жазгы каникул 10 күнгө созулат. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, мектеп окуучуларынын эс алуусу 21-мартта башталат. Балдар парталарга кайра 30-мартта кайтып келет. 31-марттан тартып сабактар кадимки тартипте өтөт.

“Альянс” фракциясынын лидерлигине Жанарбек Акаев шайланды

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери болуп Жанарбек Акаев шайланды. 1-мартта фракция мүчөлөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Мурда Акаев жетектеген Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул сунуш 2-марттагы жалпы жыйынга чыгарылат. «Альянс» фракциясынын буга чейинки… Кененирээк…

Россия-Украина өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү бүгүн өтөт

Россия-Украина өкүлдөрүнүн кезектеги сүйлөшүүсү бүгүн өтөт. Бул тууралуу ТАСС басылмасы билдирет. Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский россиялык делегация украина тарап менен макулдашуулар канча убакыт талап кылса дагы сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Эске салсак, буга чейинки сүйлөшүү Белорусиянын Гомель облусунда өткөн. Ал 5 саатка созулган

Россиянын аба күчтөрү Киевдеги телемунарага сокку урду

Россиянын аба күчтөрү Киевдеги телемунарага сокку урду. Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, атылган октор телеберүү сигналдарын жөнөтүүчү аппаратка тийди. Андан улам телеканалдар иштебей калды. Жакынкы аралыкта резервдик каналдар ишке берилет. Белгилеп кетсек, 385 метр бийиктиктеги телемунара 110 радиуска чейин сигнал таратат. Анда теле жана… Кененирээк…

TikTok роликтердин убактысын 10 мүнөткө чейин узартты

TikTok роликтердин убактысын 10 мүнөткө чейин узартты. Буга чейин видеолордун максималуу узактыгы 3 мүнөт болчу. Мындай жаңычылдык колдонуучулардын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн ачууга мүмкүндүк берүү максатында пайда болду. Жаңы функция бир нече жумадан кийин жаңылануудан соң жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы уланууда

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы уланууда. Алсак, февралда бир литр дизелдик отундун баасы 58 сом 75 тыйын болсо, 1-мартка карата 3 сом 60 тыйынга кымбаттап, 62 сом 40 тыйынга жетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 2 сом 70 тыйынга өсүп, учурда бир… Кененирээк…

Быйыл Жалал-Абад шаарында 35 миң көчөт отургузулат

Быйыл Жалал-Абад шаарында 35 миң көчөт отургузулат. Калаа мэриясынын маалыматына ылайык, алар туя брабант, павловния жана ак кайың. Андан тышкары, шаар аймагын көрктөндүрүү үчүн түрдүү 10 гүлдүн көчөттөрү атайын күнөсканада өстүрүлүүдө. Муну менен Жалал-Абад шаарында быйыл былтыркыга салыштырмалуу 50 пайызга көбүрөөк гүл эгилет.