Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында өткөн кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат

Бишкектин Свердлов жана Биринчи май округдарында өткөн кайра шайлоонун расмий жыйынтыгы 12-мартка чейин жарыяланат. Бул тууралуу 24 агенттигине БШКдан билдиришти.

 

Жыйынтык бардык соттук териштирүүлөр аяктап, арыздар каралгандан кийин жарыяланышы керек. Эгер Свердлов районунда алдын ала жыйынтык менен жеңишке жеткен талапкер добуш сатып алгандыгы боюнча фактылар тастыкталса, анда ал каттоодон четтетилип, жыйынтык жокко чыгарылат.