Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28ине чейин өтөт деп пландалууда

Жалпы республикалык тестирлөө 23-майдан 28ине чейин өтөт деп пландалууда. Бул сынак тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Азыркы учурда жалпы республикалык тестрлөөгө катышуу үчүн электрондук каттоо жүрүп жатат. 14-февралда башталган жана 6-апрелге чейин уланат. Быйылкы жылы экинчи жолу өтүп жатат электрондук түрдө. Бул дагы ковидден кийин алган сабактардын бири. Катталыш үчүн абитуриенттер эгер мектепте окуган болсо ошол мектептеги жооптуу адамга кайрылышы керек. Каттоо системасына кириш үчүн кирүү мүмкүндүгүн алышы керек

 

Белгилеп кетсек, жогорку окуу жайлардын басымдуусу абитуриенттерди бир гана ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алат.