Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын толук курсунан 1 миллион 1890 миң адам өттү

Кыргызстанда коронавирустан вакцинанын толук курсунан 1 миллион 1890 миң адам өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи дозаны 1 миллион 4563 адам алса, бустердик доза менен дээрлик 130 миң киши эмделди.

 

Эске салсак, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы өткөн жылы мартта старт алган. Жамааттык иммунитетти калыптандыруу үчүн калктын   70 пайызын вакцинациядан өткөрүү зарыл.