Кыргызстанда 1 жумада эле 19 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өткөн аптада республика боюнча 19 миң 814 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Анын ичинен:

— айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3139;

— тиешелүү документтери жок унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 45;

— унаа ээнбаштык – 2;

— жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, атчан айдаган адамдын же жаныбарлардын айдоочусу тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 734;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 7362;

— айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн – 49;

— мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 279 жана башкалар.

Унаа токтотуучу жайга коюлду 1086 унаа токтотулду.