Бишкектин конуштарындагы өз билемдикке салынган үйлөрдүн тургундары эми жеринен каттоодон өтсө болот

Бишкектин конуштарындагы өз билемдикке салынган үйлөрдүн тургундары эми жеринен каттоодон өтсө болот. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкар Карыбековдун айтымында, бул калкты каттоо борборлорундагы чоң кезектерди жоюуга шарт түзөт.

 

Жаңы конуштардын тейлөө үчүн атайын көчмө топтор иштейт. Биринчи топ Жер-Ынтымагы конушуна 9-мартта барат.

 

Андан кийин Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ала-Тоо жана башка конуштардын тургундары тейленет.