Украинадагы кыргызстандыктар Түркия аркылуу мекенине келе жатат

Украинадагы кыргызстандыктар Түркия аркылуу мекенине келе жатат. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, Молдова-Румыния-Болгария каттамы менен чыгарылган мекендештер учурда Түркиянын чек арасынан өттү.

 

Дагы 25 адам автобус менен Молдовадан чыкты. Эвакуациялоо уланат, — деди элчи.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Украинада 1 миң 357 кыргызстандык бар. Ал эми консулдук кызматта 680 жаран каттоого турган.