Узак жашоо үчүн көп басыш керек. Мындай тыянакка АКШнын Массачусетс университетинин окумуштуулары келди. Адистер иликтөөнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөгү 18 жаштан жогору 50 миң адамдын маалыматын анализдеген.
Катышуучулар 4 тайпага бөлүнүп, алар күнүнө 3,5 миң, 5 миң, 7 миң жана 10 миң кадам басышкан.
Окумуштуулар төртүнчү топко караганда биринчи үч топтогу катышуучуда өлүм тобокелдиги 53 пайызга азайганын аныкташты. Натыйжада адистер 60 жаштан өткөндөр узак жашайм десе күнүнө 6-8 миң кадам басышы керектигин белгилейт.