Бишкектин айрым аймактарында 10-мартта таза суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 10-мартта таза суу өчүрүлөт. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин суу Энесай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында жок болот.

 

Бул бир гана турак-жайларга эмес, социалдык объектилерге дагы тиешелүү. Убактылуу чектөөлөр суу дарбазасындагы жана тармактардагы оңдоо иштерине байланыштуу.