Кыргызстанда долларды четке алып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда долларды четке алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Улуттук банктан билдиришкендей, мындай чечим акча алмаштыруучу жайларга, коммерциялык банктарга, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга тиешелүү болот. Маалыматка ылайык, тиешелүү чара өлкөдө экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында кабыл алынды.