Эки айда 12 миң 600дөй жаранга пенсия чектелди

Ушул жылдын эки айында 12 миң 600дөй жаранга пенсия чектелди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2 миңдей пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсия кайрадан эсептелди.

Россияда Instagram расмий жабылды

Россияда Instagram расмий жабылды. Чет элдик басылмалар жазгандай, социалдык тармак аталган өлкөдө бүгүнтөн тарта толугу менен бөгөттөлдү. Бийлик мунун себебин Украинадагы абалдан улам орус аскерлерине карата зомбулукка үндөгөн чакырыктар менен байланыштырууда. Кошумчаласак, буга чейин Facebook менен Twitter түйүндөрүнө чектөө киргизилген.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 944 миллион кубга түштү

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 944 миллион кубга түштү. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, суунун агып келиши чыгымдан дээрлик эки эсе аз болууда. Салыштырмалуу айта турган болсок, былтыр ушул маалда башкы резервуардагы көрсөткүч быйылкыдан 1,5 миллиард кубга көп болчу. Адистер белгилешкендей, суунун азайышы… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, аталган илдет 11 адамдан табылды. Алардын баары Бишкекте. Бир суткада 23 адам сакайып чыкты. Ал эми инфекциядан каза болгон учур катталган жок. Эске салсак, 12-марттан тарта өлкөдө милдеттүү беткап кийүү талабы жоюлду. Бирок… Кененирээк…

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бактыбек Абдиев борбор калаанын вице-мэри болуп дайындалды. Кошумчалай кетсек, Максатбек Саргазаков Свердлов районунун башчысы, ал эми Азамат Дороев Октябрь районуна жетекчи болду. Аларды дайындоо боюнча буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров… Кененирээк…

Таш-Көмүрдө “Кардарларды тейлөө борбору” ачылды

Таш-Көмүрдө “Кардарларды тейлөө борбору” ачылды. Novosti.kgге «Жалалабатэлектр» ишканасынан билдиршкендей, эми абоненттер бардык маселени бир жерден чече алышат. Борбордо оператор, инженер, кассир, жаңы абоненттерди кириштөө үчүн атайын адис иш алып барат. Белгилеп кетсек, Таш-Көмүр район электр тармактар ишканасы Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларын, Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн… Кененирээк…

«Сосновка» көзөмөл өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык

«Сосновка» көзөмөл өткөрүү түйүнү оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, туруксуз аба ырайына байланыштуу кечээ аталган жерде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Мындан тышкары, түндүк-түштүк унаа жолунун Арал-Казарман тилкесиндеги 195-254-чакырымында таштарды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Оор жүк ташуучу унаалардын… Кененирээк…

Нарында аз камсыз болгон 1000ге жакын үй-бүлөгө алманын көчөттөрү таркатылды

Нарында аз камсыз болгон 1000ге жакын үй-бүлөгө алманын көчөттөрү берилди. Нарын районундагы жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Жан-Булак, Сары-Ой, Учкун жана Эмгек-Талаа айыл аймактарындагы аярлуу катмардагы үй-бүлөнүн ар бирине 15 даанадан кышкы алманын көчөтү таркатылды. Жалпысынан 986 кишиге 14 миң 790 көчөт тапшырылды.

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды. Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда, — деди мамлекет… Кененирээк…

Өлкөдө кризиске каршы комитет түзүлдү

Өлкөдө кризиске каршы комитет түзүлдү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, комитет Кыргызстандагы социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрөт. Анын жетекчиси болуп министрлер кабинетинин төрагасы эсептелет. Курамында тиешелүү органдардын жетекчилери бар.