Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында эртеңден тарта 11-майга чейин таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Таш кулатуу иштерине байланыштуу жол эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Айдоочулар каттамды алдын ала пландап алышы шарт.