Түркмөнстандын өлкө башчынын баласы Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Түркмөнстандын өлкө башчынын баласы Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, ага шайлоочулардын 73 пайызы добуш берген.   БШКнын  маалыматына караганда,  Түркмөнстанда дээрлик 3,5 миллион шайлоочунун 97 пайыздан ашыгы добуш берүүгө катышты.

Ноорузга карата Бишкектин Ала-Тоо аяндында майрамдык иш-чара өткөрүлөт

Ноорузга карата Бишкектин Ала-Тоо аяндында майрамдык иш-чара өткөрүлөт. Мэрия маалыматы боюнча, салтанат саат 10до театрлаштырылган концерт менен башталат.   Ынтымак, Ынтымак-2 жана Достук сейил бактарында чеберчилик класстар, жарманке, көргөзмөлөр жана спорт мелдештери өткөрүлөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөрбөйт

Жалпы республикалык тестирлөөнүн баасы быйыл өзгөрбөйт. Анын себеби тууралуу кененирээк Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   “Каттоо төлөмү быйыл былтыркыдай эле 370 сомду түзөт. Ар бир 3 жылда министрлик тендер жарыялайт. Ошол жерде сумма 3 жыл өзгөрбөшү керек деген… Кененирээк…

Кыргызстанда коммерциялык банктар чет мамлекеттерге төлөмдөр жана которуулар боюнча бардык операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө

Кыргызстандын коммерциялык банктар чет мамлекеттерге төлөмдөр жана которуулар боюнча бардык операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.   Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, эгер кардарда суроолор пайда болсо, анда буга чейин кызматын алган банкка кайрылуу керек. Эгер керектөөчүнүн укуктары бузулса, анда Улуттук… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын жетишсиздиги болбойт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын жетишсиздиги болбойт. Буга Мунай ташуучулар ассоциациясынан ишендиришти. Андан белгилешкендей, учурда өлкөдөгү күйүүчү майдын запасы 2 жумага жетет жана ал дайым толукталып турат.   Солярка алдыдагы жазгы-талаа иштерине дагы жетиштүү болот. Ал эми бензинге болгон баалар тууралуу айта турган болсок, алар Россиядагы заводдорго… Кененирээк…

Иорданияда бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты аяктады

Иорданияда бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты аяктады. Анда Кыргызстандын курама командасы үч коло, эки күмүш жана бир алтын медалга ээ болду. Биринчи орунду Алмаз Орозбеков, экинчи орунду Бекзат Эргешов менен Асылбек уулу Акжол жеңип алышты.  

Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жаңы 58 унаа алып келинди

Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жаңы 58 унаа алып келинди. Техникаларды тапшыруу салтанаттуу аземи 25-мартта Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт. Өрт өчүрүүчү унаалар заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган, сыйымдуулугу 6 тонналык цистерналар, ошондой эле атайын шаймандары бар. Бардык жабдуулар “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында… Кененирээк…

Мамлекеттик сатып алууларды 5 миллион сомго чейин тендерсиз жүргүзсө болот

Мамлекеттик сатып алууларды 5 миллион сомго чейин тендерсиз жүргүзсө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Каржы министринин орун басары Улукбек Календеров билдирди. Анын айтымында, тендерсиз сатып алуу боюнча босого сумма Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына киргизилди. Аткаминер кошумчалагандай, сунушталып жаткан мыйзам долбоору… Кененирээк…

Өлкөдө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандайт

Өлкөдө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 1 тонна кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот. Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп… Кененирээк…

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертишти

Синоптиктер катуу шамал тууралуу эскертишти. Алсак, 19-23-мартка чейин Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында бир топ суук болуп, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлөт, абанын температурасы күндүз дагы минуска чейин төмөндөйт. Жаан-чачын дээрлик үч күн катары менен кээ бир райондордо катуу жаайт. Мындай туруксуз аба… Кененирээк…