Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жаңы 58 унаа алып келинди.
Техникаларды тапшыруу салтанаттуу аземи 25-мартта Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.
Өрт өчүрүүчү унаалар заманбап техникалык жабдуулар менен жабдылган, сыйымдуулугу 6 тонналык цистерналар, ошондой эле атайын шаймандары бар.
Бардык жабдуулар “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатып алынды.