Өлкөдө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандайт

Өлкөдө өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандайт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, 1 тонна кумшекер өлкөдөгү соода уюмдарына таратылып жатат жана бир килограммы 70 сомдон болот.

Ошондой эле 500 миң литр өсүмдүк майы да таратылып бир литри 130 сом деп белгиленди.

Белгилеп кетсек, өткөн аптада Бишкектеги ири соода түйүндөрү айрым негизги товарларды сатууда чектөө киргизген.

Базарларда, ири дүкөндөрдө кумшекер менен өсүмдүк майынын баасы кымбаттаган.