Тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

АКШ долларынын курсуна байланыштуу кырдаалдан улам мыйзамдын талаптарын бузганы үчүн Улуттук банк Бишкекте тогуз акча алмаштыруучу жайдын лицензиясын убактылуу токтотту.   “Ариет финанс”, “Ордо Финанс Плюс”, “Нурислам Лтд” жана “Азамат финанс” 16-марттан 30-мартка чейин ишин токтотот. Ал эми “АЯТ НУР”, “Рашидик”, “Исхак жана Исаак”, “Интегро… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек – Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол – Энилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Аталган трассалар… Кененирээк…

Бишкекте Ноорузду майрамдоого  1 миллион 800 миң сом бөлүнөт

Бишкекте Ноорузду майрамдоого  1 миллион 800 миң сом бөлүнөт. Бул тууралуу novosti.kg мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Каражат Ала-Тоо аянтында концерт уюштурууга, жасалгалоо иштерине, аппаратураны орнотууга багытталат.   Ал эми эс алуу бактарындагы жарманке, көргөзмөлөрдү демөөрчүлөр уюштурат.   Мэрия бул максатта бюджеттик акчасын коротпойт, болгону соода… Кененирээк…

Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакта катталуу ыңгайлуу

Жалпы республикалык тестирлөөгө негизги убакта катталуу ыңгайлуу. Мунун себеби Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.   “Көпчүлүк абитуриенттер майда катталам десе, анда ынгайсыздыктар жаралат. Анткени, эгерде азыр катталса, ар бир абитуриентти биз эске алып, ошол абитуриенттердин санына жараша ар… Кененирээк…

Сузак районунда өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди

Сузак районунда өсүмдүк майын чыгарган завод ишке кирди. Ишкана суткасына 80 тонна азык чыгаруу кубаттуулугуна ээ.  Бирок азырынча анда 30 тонна май өндүрүлүп жатат.   Заводдун ишке кириши менен 72 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга  33 миллион евро бөлүп берет

Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы Кыргызстанга     33 миллион евро бөлүп берет.   Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, каражат жаңы автобустарды сатып алууга жумшалат.   Жалпысынан, Кытайдан 253 даана транспорт алуу пландалууда. Автобустар газ менен жүрөт. Сазыкулов белгилегендей, Бишкек калкын ташууга 1,5 миң… Кененирээк…

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Эсенбек Кылжыров “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Ал эми мурунку жетекчи өз каалоосу менен иштен кетти.

Кыргызстандык футболчу кыздар эл аралык мелдеште 3-орунду алышты

Кыргызстандык футболчу кыздар эл аралык мелдеште 3-орунду алышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти. Тажикстандагы турнирде 1-орунга Иран, 2-Өзбекстан, ал эми 3-орунду Кыргызстан ээледи. Ошентип, мелдештин фейр-плей сыйлыгы Кыргызстан курамасына тапшырылды.  

Синоптиктер аба-ырайынын өзгөрүшү тууралуу билдирүү таратты

Синоптиктер аба-ырайынын өзгөрүшү тууралуу билдирүү таратты. 18-марттан тарта Кыргызстанда абанын температурасынын кескин төмөндөшү күтүлөт. Метеорологдордун айтымында, түштүктө жаан, түндүк аймактарда кардын жаашы кеминде 22-мартка чейин уланат. Түнкүсүн кадимкидей суук болот. 20-мартта Талас, Чүй, Нарында күндүз да абанын табы минус болушу мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы… Кененирээк…

Кыргызстанда салык төлөөдөн качкандардын карызынын суммасы 1 миллиард 600 миң сомдон ашты

Кыргызстанда салык төлөөдөн качкандардын карызынын суммасы 1 миллиард 600 миң сомдон ашты. Салык кызматынан билдиришкендей, бул сумма ушул жылдын 1-мартына карата эсептелди. Маалыматка ылайык, салыгын төлөбөгөндөрдүн көбү Жалал-Абад облусунда, Панфилов районунда жана Ошто жашашат.